Өлкөдө кызамык менен ооругандардын саны 6 миңден ашты

Өлкөдө жыл башынан бери кызамык жуктургандардын саны 6 миң 81 адамга жетти. Бул тууралуу республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова бүгүн, 20-марттагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардын 80 пайызы балдар, анын ичинде эмдөөдөн өтпөгөндөр.

Илдет көбүнчө Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталууда.

"Оорунун көбөйүшүнө балдар жана чоңдор арасында кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуунун көптүгү себеп болуп жатат", — деди Гүлбара Ишенапысова.

Ошондой эле ал кызамык боюнча эпидемия былтыр болуп, анда 7 миң 46 учур катталганын кошумчалады.

Учурда Министрлер кабинетинде оорунун очогун аныктоо иштери күчөтүлгөнү, кошумча эмдөө кампаниясы жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан