Ошто айрым унаа жолдор убактылуу жабылат

Ош шаарында Нооруз майрамына карата бүгүн, 20-мартта саат 14:00дөн тарта айрым жолдор жабылат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 20-мартта саат 14:00дөн баштап Ленин көчөсүнүн Аматов көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап, Баялинов көчөсүнө чейинки аралык унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Ал эми №2 троллейбустук каттам убактылуу токтойт.
"Ош мэриясы Курманжан-Датка көчөсүнүн түштүк тарабынан келүүчү автоунаалардын кыймылы Баялинов көчөсү аркылуу жүрө турганын маалымдайт. 22-мартта жол кыймылы кайрадан баштапкы калыбына келтирилет.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан