Таласта бир катар мыйзамсыз курулуштар аныкталып, айып пул салынды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги аймактарда курулуп жаткан объектилердин мыйзамдуулугун тактоо иштерин улантууда.

Мекемеден маалымдашкандай, бул ирет Талас аймактык мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы Бакай-Ата районунун Үрмарал өзөнүндө "Урмарал-Энерго" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан "Чакан ГЭСтин" курулушун текшерди.

Анда архитектуралык кагаздарды толук албастан, курулуш иштерин баштагандыгына байланыштуу жеринде өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарын сактабаганына байланыштуу укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, аталган ЖЧКга 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Мындан тышкары, компанияга курулушту токтотуу боюнча эскертме берилди.

"Ошондой эле Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында жайгашкан соода борборунун курулушуна жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамдагы талаптарды сактабаганына байланыштуу укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, аталган курулуштун ээсине айып салынып, эскертме берилди", -деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан