Ысык-Көлдө "Даймонт Резорт" пансионатынын жетекчисине 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл региондук архитектуралык курулушту контролдоо башкармалыгы тарабынан Бостери айылында жайгашкан "Даймонт Резорт" пансионатындагы коттедждердин курулушуна пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында котедждердин долбоордук иш кагаздары толук даярдалбагандыгы аныкталган.