Чүйдө 13 жаштагы кыздын 9 эркек тарабынан зордукталышы: Милиция билдирүү жасады

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Сокулук районунда жашы жете элек кыздын зордукталганы боюнча чуулуу ишке комментарий берди.

Милициянын маалыматына ылайык, 23-январда Сокулук РИИБге 1983-жылы туулган аял кайрылган. Кайрылуусунда ал 2009-жылы туулган кызы Б.А. 22-январь күнү мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Аталган факты боюнча териштирүү башталган. 11-февраль күнү кыз Сокулуктагы мейманканадан табылып, райондук бөлүмгө жеткирилген. Кыздын буга чейин да үйүнөн кетип калганы аныкталган.

Ал эми кызга карата экспертиза дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Жашы жете элек кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.

"Териштирүү иштеринин алкагында милицияга айтылган жарандар жеткирилген. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча шектүүлөргө карата юридикалык баа берилет. Аталган факты боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн эң тажрыйбалуу тергөөчүлөрүнөн турган топ түзүлүп, иш ИИМ жана ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган. Милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат жана жабырлануучу тараптын "милиция ишти карабай жатат" деген маалыматы чындыкка дал келбейт",- деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан