SUPER.KG порталына Эсентур кызы Сайкал аттуу жаран кайрылды. Ал 7 жылдан бери боордун альвеококкоз дарты менен ооруп келе жатканын, учурда тез арада Түркияда болчу операциясына акча керек болуп калганын айтып, кайрымдуу элден жардам сурайт.
Анын айтымында боорду алмаштыруу операциясына 60 миң доллар керек.
"2017-жылдан бери боордун альвеококкоз дарты менен күрөшүп келем. 2021-жылы боорума суу толуп кеткендиктен Бишкектеги жеке менчин ооруканалдын биринде түтүк койдургам. Учурда бул дагы жардам бербей оорум күчөм бара жатат. Түркия мамлекетинен боордо эң коркунучтуу дарт бар экенин айтышып, алмаштыруу керектигин эскертишти", - деди жабырлануучу.
Ошондой эле ал операцияга 1 ай убактысы калганын айтты.
"1 айдын ичинде мен аталган сумманы чогултуп жетишип калышым керек", - дейт жабырлануучу.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: