Бишкекте Шүкүров көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу башталат  

Бишкекте 24-марттан тарта Шүкүров көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш жумуштары башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, көпүрө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнө салынып, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду кошо эсептегенде анын туурасы 15 метрди түзөт.

Ал эми жогору жагы Ахунбаев көчөсүнөн башталып, төмөнкү бөлүгү каналга такалып, туюкка кептелчү. Долбоор ишке ашса, И.Ахунбаев менен Медеров көчөлөрү байланышат.

Мындан тышкары, борбор калаада Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алар 7-апрель, Ж.Абдрахманов жана Ч.Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду.

"Ага ылайык Ю.Фучик, А.Бакаев жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Л.Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды.

Мисалы, Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрү темир жол аркылуу бириктирилет",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, учурда шаардын түштүк жана түндүк тарабын түз байланыштырган үч чоң унаа жолу бар (7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Манас).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан