SUPER.KG порталы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктайт

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктайт.

Нооруз — адамзат тарыхындагы эң байыркы, миңдеген жылдар бою салтанат менен белгиленип келаткан майрамдардын бири. Күн менен түндүн теңелгенине туш келген Чыгыш элдеринин кылымдарды карыткан бул жаркын майрамы жаратылышты, адамдарды, коомду жаңыланууга, тазаланууга чакырат. Баба дыйкан жер айдап, үрөн сээп, келечектин камын көрөт.

Элибиз Ноорузду илгери үмүт, жакшы ниет менен тосуп, аманчылык тилеп, жакшылыкка умтулат. Бул улуу күндө ар бир кыргызстандыкка бекем ден соолук, жаркын маанай каалайбыз.

Нооруз майрамы ар бир үйгө кут-береке, ал эми өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак жана гүлдөп-өнүгүүнү алып келсин! Дасторконубуз нанга толсун, жергебизде молчулук, тынчтык жана биримдик болсун! Эгемендүү Кыргыз мамлекетибиз алдыга ишенимдүү кадам шилтеп, гүлдөп өнүгө берсин! Нооруз майрамыңыздар менен!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан