Борбор Азия лидерлери Кыргыз элин жана президент Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 21-мартта Борбор Азия лидерлери Кыргыз элин жана президент Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдришти.

Азербайжандын лидери Ильхам Алиев куттуктоосунда Жапаровго чың ден соолук, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, сизди, ошондой эле боордош Кыргыз элин элдерибиздин бай маданий-тарыхый мурасын ичине сактап келген Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Табиятка болгон чексиз сүйүүсүн чагылдырган бул майрам ар дайым адамдарды жакындатып келген. Салттардын кооздугун сактоо менен Нооруз кылымдарды карыткан маданий мурастарды урматтоонун үлгүсү болуп эсептелет.

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы достукту жана бир туугандыкты бекемдөө үчүн мындан ары да биргелешкен аракеттерди улантабыз деп ишенем”, - деп айтылат Азербайжандын президентинин куттуктоосунда.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Бул жаз майрамынын жалпы адамзат баалуулуктары жана түбөлүктүү идеялары жаңы жашоонун башталышынын, жаратылыштын ойгонушунун символу, жакшылыктын, толеранттуулуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн жетишкендиги катары мындан ары да бизди кайра жаралуу жана жаратмандык, тынчтык жана бейпилдик, өз ара урматтоо жана ишеним жолуна алып барат деп ишенем.

Кут даарыган Нооруздун жакшы салттарынан улам биргелешкен аракеттер менен биздин өлкөлөрдүн кызматташтык жана коңшулук мамилелери мындан ары да өнүгөт жана кеңеет деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана чоң ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык жана туруктуулук, бакубатчылык, мындан аркы прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Куттуктоо телеграммасын жолдогондордун катарында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов да бар.

"Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кеңири белгиленген бул жаркын майрам - жаздын башталышын жана жаратылыштын ойгонушун билдирет. Нооруздун белгилүү жакшы каада-салттары жана маданий үрп-адаттары тилектештикти жана өз ара түшүнүшүүнү илгерилетүүгө, азыркы заманда абдан актуалдуу болгон элдердин ортосундагы тынчтыкты жана достукту чыңдоого өбөлгө түзөт", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго жана жалпы Кыргызстан элине бакыт, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Ошондой эле Казакстандын башчысы Касым-Жоомарт Токаев да куттуктоо телеграммасын жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан