Касым-Жомарт Токаев Кыргыз элин  куттуктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

"Нооруз майрамы бакубатчылыктын жана биримдиктин башталышы, жакшылыктын жана жаратмандыктын жарчысы катары боордош элдерибиз тарабынан өзгөчө урматталат, жакшы ниет жана чоң үмүт менен тосуп алынат. Бул жаркын майрам жылуу маанай, токчулук тартуулап, биздин бирдиктүү, тагдырлаш элдерибизге кубаныч алып келсин.

Эки өлкөнүн ортосундагы бекем достукка жана ынак коңшулаштыкка негизделген стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер биздин жакын элдердин кызыкчылыгында динамикалуу өнүгүүсүн улантат деп ишенем", - деп айтылат Казакстан президентинин куттуктоосунда.

Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан