Чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчыларына ооз ачар өткөрүлдү 

Бишкекте кечээ, 20-мартта ыйык Орозо айына карата Тышкы иштер министрлигинин атынан Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары үчүн расмий сый тамак уюштурулду.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, министр Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн ыйык Орозо айы, ошондой эле Нооруз майрамы менен куттуктады. Орозо айы ар бир коомдо жана бүтүндөй дүйнөдө ишенимди, сабырдуулукту, тилектештикти жана достукту бекемдеп, исламдын чыныгы маанисин жана жалпы универсалдуу баалуулуктарын алып келээрин өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле бардык конокторго чың ден соолук, жакшылык жана тынчтык, жетишкендиктерди жана өлкөбүздөгү дипломатиялык ишмердүүлүктөрүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Кеченин жүрүшүндө жалпы мусулмандар үчүн ыйык болгон бул айда куттуктоолор жана жылуу каалоо тилектер айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан