Ноокат райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүндө 3 штаттык бирдик болуп, мында 3 адам эмгектенет. Район аймагында дене тарбия жана спорт менен 10280 адам машыгышат. Алардын ичинен мектеп жашындагылар 8350нү түзөт. Жалпысынан райондо 181 дене тарбиячы иштейт. Алардын 150сү орто билим берүү мектептеринде, 2өөсү атайын кесиптик билим берүү окуу жайында, экөөсү спорттук клубдарда иштесе, район боюнча спорттун ар кайсы түрү 24 машыктыруучу бар. Бул тууралуу кечээ, 18-декабрда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн чыгарган жыл жыйынтыгында белгилүү болду.