Өлкөнүн ири базарларынан ай сайын 40 миллион сомго жакын каражат түшүп турат. Алсак "Дордой" базарынан 32 миллион сом, "Кара-Суу" базарынан 8 миллион сом салык жыйналат. Бул туурасында бүгүн, 19-декабрда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев билдирди.
Анын айтымында, салык жыйноодо бир катар иштер жасалган. Эгер 2012-жылы "Дордой" базарынан ай сайын 25 миллион сом салык жыйналса, быйыл 32 миллион сомго чейин жеткен.