"Крокустагы" кандуу окуянын кесепетинен үч бала каза болду

Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуянын кесепетинен үч бала каза болду. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматтарга караганда, үч бала менен бирге эки эркек киши да көз жумду.

Буга чейин өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко жалпысынан 115 адам ооруканага жеткирилгенин, алардын бешөө жашы жете элек балдар экенин билдирген.

Эске салсак, 22-март күнү кечинде Москвадагы терактыдан 60тан ашык адам каза таап, 100дөн ашыгы алган жаракаттарынан улам ооруканага жаткырылган. Алардын бешөө жаш балдар болгон.

Бул окуяны Орусиянын ТИМи теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

BAZA телеграм каналы жазган маалыматка ылайык, крокустагы кыргын уюштургандар из жашырган делген ак түстөгү унаа Брянск облусунан токтотулуп, эки адам кармалды. Алар Тажикстандын жарандары экени кошумчаланды. Учурда коопсуздук кызматкерлери алардын терактка катыштыгы бар же жок экенин аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан