Ысык-Көл облусунда 11 айда А вирустук гепатити менен 1739 адам ооруган
2013-жылдын 11 айында Ысык-Көл облусунда өткөн жылга салыштырмалуу А вирустук гепатити менен ооругандардын саны 2 эсеге азайды. Бул тууралуу Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
2013-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча, А вирустук гепатити менен ооруган 941 учур катталган. Ал эми быйылкы жылдын 11 айында оорунун бул түрү 1739ду түзгөн. Бирок жалпы облустук көрсөткүч республикалык көрсөткүчтөн жогору бойдон кала берүүдө.