Кайра шайлоо: Ош округунан депутат болууга алгачкы талапкер арызын берди

25-мартка карата №7 Ош бир мандаттуу округунан депутаттыкка талапкер болууга алгачкы бир адам арыз берди. Бул тууралуу БШКдан билдирди.

Маалыматка караганда, убактылуу жумушу жок Авазбек Абдугапаров аттуу жаран аталган аймактан депутаттыкка талапкер болууга ниетин билдирип, арызын жазды. Талапкерлер буга чейин мандатынан ажыраган Айбек Осмоновдун ордуна Жогорку кеңештин депутаты болуп шайланып келет.

Ал арада бир мандаттуу №2 Баткен жана №9 Кара-Суу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз бергендердин саны 15ке жетти.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт. Талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан