21-22-декабрда КУУнун юридикалык институтунда биринчи эл аралык дебат-таймаш өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда, уюштуруучулардын бири Айзада Мурат кызы кабар берди.
Анын айтымы боюнча, таймашка Кыргызстан менен Казакстандын студенттери катышышат. Бул дебаттын өзгөчөлүгү, англис тилинде гана өткөрүлөт. Сынактын демилгечилери - "ФЛЕКС" программасынын бүтүрүүчүлөрү, КУУнун юридикалык институту, Бишкек дебат борбору жана ар кандай демөөрчүлөр.
“Иш чаранын негизги максаты - студенттердин сөз чеберчилигин өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана Казакстандын жаштары менен мамиле түзүү. Ушундай эл аралык дебат сынактарды жыл сайын өткөрүүнү пландаштырып жатабыз,”- деп кошумчалады Айзада Мурат кызы.