Эпидемиолог Айчүрөк Макилова: "Кызамык оорусу курчуп жатканда эмделбеген балдар мектепке, бала бакчага барышпайт"

Кызамык оорусу курчуп жаткан учурда эмделбеген балдар мектептен, бала бакчадан убактылуу четтетилет. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун эпидемиологу Айчүрөк Макилова Биринчи радиого маек берип жаткан учурда билдирди.

"Учурда түшүндүрүү, эмдөө иштери кеңири жүрүп жатат. Бизде мыйзамда эмдөөнү ар бир жаран өз каалоосу менен алат деп жазылган. Бирок эмделбеген бала мектепке бара турган болсо, мектепте кызамык оорусу курчуп жатса, ал бала мектептен, бала бакчадан убактылуу четтетилет. Бул мыйзамда дагы жазылган, оору бүтмөйүнчө бала мектепке, бала бакчага барбай турат", - деди ал.

Ошондой эле ал кызамык оорусунун белгилери кандай болорун, ал ооруга кимдер чалдыгышы мүмкүн экенин айтып кетти.

"Негизи эмдөөдөн өткөндөр деле ооруп жатат. Бирок 6 миң 81 учурдун 90 пайыздан ашыгы кызамыкка каршы эмдөөдөн өтпөгөн балдар. Алардын ичинен 2 миңден ашыгы ата-энеси толук кандуу баш тарткандар, эмдөөгө жашы жете электер, ден соолугуна байланыштуу медициналык каршы көрсөтмөсү бар балдар жана белгисиз себептер менен албай калгандар дагы бар.

Бул оорунун негизги себептери: кызамыктын алгач башталышы кадимки эле сасык тумоодой башталат, дене табы көтөрүлөт, шалдырап алы кетет. Ал эми 2-3 күндөн кийин денесине кызыл белгилер чыга баштайт", - деди эпидемиолог Айчүрөк Макилова.

Эскерте кетсек, учурда кызамык оорусун жуктургандардын саны 6 миң 81ге жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан