Өлкөдө 12 жылдык окууга байланыштуу жол картасы иштелип чыгат

Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окуу системасына өтүүгө байланыштуу жол картасын иштеп чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта министр Догдургүл Кендирбаева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, билим берүүнү трансформациялоо боюнча мамлекеттик "Алтын Казык" программасы негизги багыт болуп эсептелет.

"2022-жылы 23 балага бир компьютер болсо, азыр 12 балага бир компьютер туура келет. Бүткүл дүйнөлүк PISA сынагынан өтүш үчүн 1200 мектеп компьютер менен камсыз болду. Ошого жараша мугалимдер да даярдыктан өтүп жатат. Дүйнөлүк иликтөө системасында онлайн өтөт, ар бир балага мүмкүнчүлүк бар. Ар бир мугалимге ноутбук алып берүү алдында турабыз. Муну менен санариптик электрондук окуу китептерден баштап, тесттик баалоолор, санариптик билим кампасы түзүлөт. Жасалма интеллект аркылуу мугалим тынымсыз пайдаланат, бюрократиялык көзөмөлдөн кетип, балага багытталган саясат жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, министр Кендирбаева мектептердеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программанын долбоору жөнүндө президент Садыр Жапаровго маалымат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан