Кыргыз улуттук университетинин ректору билим берүү системасы өзгөрүүгө муктаж экенин айтты 

Бүгүн, 26-мартта Билим берүү министрлигинин маалымат жыйынында Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов өлкөдөгү билим берүү системасы өзгөрүүгө муктаж экенин билдирди.

Анын айтымында, учурдагы системанын көптөгөн аспектилери совет доорунан бери өзгөрүүсүз калып, заманбап талаптарга жооп бербейт.

"Буга окутуунун эскирген ыкмалары, маалыматтык технологияларды жетишсиз колдонуу, эмгек рыногунун талаптарына жетишсиз даярдануу жана башкалар кирет. Биз экономика, маданият жагынан заман агымы менен бирге жүрүп отурабыз, бирок эмне үчүн билимден артта калышыбыз керек. Балдарыбыз да дүйнөлүк университеттерде билим алып, атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүнчүлүк алышы керек. Алар бир жылды текке кетирбеши абзел. Аларга шарт түзүп беришибиз керек", - деди Төлөбек Абдырахманов.

12 жылдык билим берүү системасынын модели билим берүүнүн сапаттуулугун камсыздап, окуучуларды заманбап реалдуулукка даярдары жана эмгек рыногунда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары кошумчаланды.

Билим берүү системасы өзгөрүүгө муктаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан