"Августта бүтөт". Бишкекте жаңы спорт комплекси курулат

Бишкек шаарында жаңы спорт комлекси курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Бүгүн, 26-мартта Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи өттү. Иш-чарага КФБге мүчөлүк кылган уюмдардын өкүлдөрү, биримдиктин кызматкерлери, ошондой эле Азия футбол конфедерациясынын өкүлдөрү Йогеш Десай жана Рузбе Маяхи катышышты. Мезгил кутучадагы келечек муунга болгон кайрылуусун уюмдун президенти Камчыбек Ташиев калтырды.
Комплекс Бишкектин футболдук борборунда жайгашып, анын жалпы аянты 3 012,44 м2 түзөт. Имаратта зал, машыгуу залы жана административдик бөлмөлөр жайгашат. Залдын жалпы сыйымдуулугу – 473 орун. Курулуш 2024-жылдын август айында аяктайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан