Бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун соттук иши уланды.
Жараян жыйынтыктоочу бөлүккө келип жетти. Сот чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар коюлган айып боюнча саясатчыны күнөөлүү деп таап, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну өтүнүшкөнү маалым болгон.
Бүгүн жарыш сөз жактоочуларга берилди. Андан соң Мадумаров акыркы сөзүн айтты.
Соттук отурумдар жабык эшик артында өтүп жаткандыктан, бул маалыматтарды журналисттер саясатчынын адвокаттары аркылуу гана билди.
Жараянга келген Мадумаровдун тарапташтары "Акыйкат чечим!", "Мадумаровко боштондук!" деп кыйкырышууда.