Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо кийинкиге калтырылды. Мындай чечим бүгүн, 19-декабрда парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды. Төраганын орун басарлыгына "Ата Журт" фракциясынан депутат Надира Нарматова сунушталып жаткан.
Ата Журт" фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаевдин айтымында, 18-декабрдагы фракциянын жыйынында бул орунга 3 талапкер ат салышкан.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен депутат Нарматов көпчулүк добушка ээ болгон. Парламенттин жалпы жыйынында Надира Нарматованы төраганын орун басарлыгына шайлоо депутаттардын арасында бир катар талаш-тартышты жаратты. Жыйынтыгында эки сунуш тең добушка коюлуп, бирок экөө тең өтпөй калды.