Жалал-Абад электр тармактар ишканасына 4 жаңы имарат курулат

Жалал-Абад электр тармактар ишканасына 4 жаңы имарат курулат. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл капиталдык курулуш планына Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 4 имараттын курулушу киргизилди. Алар: Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имараты, трансформатор оңдоочу цехи, райондук электр тармактарына караштуу Кызыл–Жар жана Кызыл-Туу участкаларынын имараттары.
Белгилей кетсек, курула турган имараттар "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы тарабынан каржыланат.
Ал эми учурда Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имаратынын курулушу башталды.
Мындан тышкары, капиталдык курулуштун алкагында Жалал-Абад облусунда 32 чакырым 6-10-0,4 киловаттык чыңалуудагы аба чубалгысы жаңы курулат, аба чубалгыларды реконструкциялоо болсо 96 чакырымды камтыйт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан