Быйыл Баткен облусун өнүктүрүүгө 380 миллион сом каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрдагы ЖКнын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, өкмөт тарабынан жыл башында Баткенди өнүктүрүүгө 380 миллион сомдук иш-чаралар планы түзүлгөн.
Учурда анын 180 миллион сомдук иши аткарылып бүттү, калган иштер уланууда. Негизги каражат Баткен шаары, Лейлек, Кадамжай райондорундагы объектилерди курууга багытталган.