Алымкадыр Бейшеналиев депутат Коргонбай уулуна алгач бир сом доо коймокчу болгонун айтты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна алгач бир сом доо коюуну көздөгөнүн айтты.

"Мен бир сом доо коёюн дегем, жактоочум болбой 10 миң сом деп жазып коюптур. Ал ошону менен өзүнүн сөзү канчалык кадырланып, кадыр-баркы канчалык экенин түшүнсүн дегем. Мен анын деңгээлин бир сомго баалайм", - деди Бейшеналиев.

Ошондой эле ал SUPER.KG порталына депутатты эмне үчүн сотко бергенин айтып берди. Министр 14-мартта парламентте Коргонбай уулу сүйлөгөн сөзүндө анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, аларга кыскача токтолду.

Эске салсак, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп сындаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан