Алымкадыр Бейшеналиев депутатты эмне үчүн сотко бергенин айтты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун эмне себептен сотко бергенин айтты.
Минстр SUPER.KG порталына депутат 14-мартта парламентте сүйлөгөн сөзүндө анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, аларга кыскача токтолду.
"Жусупбек Коргонбай уулу мени "кара хирург" деп айтпадыбы. Мен ал кездерде хирург, Иса Ахунбаев атындагы клиникада жетекчи болуп иштеп жүргөн кез болчу. Ал учурда №47 колонияда жаракат алгандарга консультация кылып, операция жасачубуз. Биз Гиппократтын антын бергенбиз да. Бизге ал депутатпы, министрби же бандитпи айырмасы жок, ал жөн гана адам. Биз жардам беришибиз керек. Азыр деле дарыгерлер түрмөдөгү адамдарга операция жасашат. Аларды операция кылып, карагандарды "кара хиррург", "кара кардиолог" деген өңдүү каймана аттарды коюп жатышыптыр, Коргонбай уулунун билдирүүсүнөн кийин. Муну токтотуш керек", - деди Бейшеналиев.
Ошондой эле ал депутаттын акысыз операция жасоо боюнча Түркия берген квоталардагы туура эмес бөлүштүрүлүп жатат деген айыптоосуна жооп берди.
"Түркия 2019-жылдан бери квота бербей калган. Акыркы жолу мен Түркиянын саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшүп, 4 кишини жөнөткөнбүз. Алар Бишкек ЖЭБи менен тик учак кырсыгынан жабыркаган жарандар. Бул президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен болгон. А Коргонбай уулу туугандарын, тааныштарын жиберип атыптыр деп атпайбы. Мен аларды тааныбайм", - деди министр.

Эске салсак, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп сындаган.

Эл өкүлү министр "мыйзамдагы ууру" Рысбек Акматбаевге операция жасаганын, мындан улам УКМК Бейшеналиевди жоопкерчиликке тартыш керектигин айткан. Ошондой эле ал Бейшеналиевдин "кара хирург" деген каймана аты бар экенин билдирген.

Мындан сырткары ал акысыз операция жасоо боюнча Түркия берген квоталар туура эмес бөлүштүрүлүп жатканын айтып, министрликтин ишин "бардак" деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан