Кыргызстандагы кош бойлуу аялдардын көпчүлүгү аз кандуулуктан жапа чегет

Кыргызстандагы кош бойлуу аялдардын көпчүлүгү аз кандуулуктан жапа чегет. Бул тууралуу 19-декабрда "Тамактанууну жакшыртуу боюнча жарандык коом" аттуу тегерек стол учурунда ЮНИСЕФтин саламаттык сактоо жана тамактануу боюнча программасынын координатору Дамира Абакирова билдирди.Анын айтымында, мындай маалымат бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын жүргүзгөн иликтөөлөрүндө баяндалат. "Андан сырткары 2008-жылы жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, кош бойлуу аялдар арасында жана жаш балдар арасындагы аз кандуулук Талас облусунда эң жогору болгон. Бул маселе боюнча чоң талкуулар болгон. Аймакта аз кандуулуктун көп болушун жакырчылыктын деңгээли жогору болгону менен байланыштырышкан. Кийин тамакка кошулуучу "Гүлазык" заты берилип, кайта текшерүү болгондо балдардын 26 пайызы аз кандуулук менен оорубай калышкан",- деди Абакирова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан