Шамалдын кесепетинен канча объект зыянга учураганы айтылды

Кечээ, 28-мартта өлкө аймагында орун алган катуу шамалдын кесепетинен 154 объект зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта ӨКМ билдирди.

Бишкек, Чүй жана Талас башкармалыктарынан 29-март саат 8:30га карата алынган алдын ала маалымат боюнча, 10 адам жабыркап, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш зыянга учураган.

Тактап айтканда, жалпы Бишкек шаары боюнча 66 объект зыянга учураса, анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон.

Ал эми Чүй облусунда 42 социалдык объект жана 42 турак үй, жалпысынан 84 объекттин чатырын учурган.

Маалым болгондой, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.

Эске салсак, кечээ күнү Бишкек жана Чүй облусунун аймагында 28-мартта саат 16:15тен 16:45ке чейин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан