Балбак Түлөбаев президенттен Армениядан келген оң рулдуу унааларды бир жолу каттап берүүнү өтүндү

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровго кайрылып, Армениядан келген оң рулдуу унааларды бир жолу каттап берүүнү өтүндү.

Эл өкүлү унаа базарга барганын, ал жактан эл ушул маселени чечип берүүнү суранып жатканын айтты.

"Армениядан келген оң рулдуу унааларды өкмөт каттабай жаткандыктан эл бизге кайрылып жатат. "Белгилүү бир суммада акча төлөтүп, Кыргызстандын номурун алып берсеңиздер" деп суранып жатышат. Канча бир суммада комиссия алсак, ал да мамлекеттин экономикасына салым кошот эле", - деди Түлөбаев.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан