Келишимдин алкагында Түркия Кыргызстандын 1 жаранына пенсия чектеди. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Социалдык фонддон билдиришти.
Ага ылайык, Кыргыз өкмөтү менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 237 суроо-талап жиберилген. Ага байланыштуу 235 суроо-талап иштелип чыгып, аларга тиешелүү жооптор берилди.
Белгилей кетсек, 2020-жылдан тартып Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген.