Кыргызстандагы көп нускалуу «Супер-Инфо» гезити өлкөдө болуп өткөн окуялар, иштердин жыйынтыгына кайрылып, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди “Жылдын адамы” деп тапты.
"Карапайым калк, бийликте тургандар жана оппозиция өкүлдөрү да мамлекет башчынын позициясынан жана кадамдарынан алдына койгон тапшырмалардан кайтпас ырааттуулукту, өлкөбүздөгү стабилдүүлүктүн жана анын туруктуу өнүгүшүнүн сакталышына карата бекем саясий эркти көрө алышты. Алгач президент катары алдына тапшырмаларды коюп, “коррупция менен күрөшөбүз, уурулардын орду түрмөдө, дос-туугансыз калсам да Кыргызстанды бутуна тургузуп, ачык-айкындыкка алып келем” дегенин дайыма айтылып келе жаткан сөздөр катары сын көз менен карагандар көп болгон. Быйылкы жылдагы окуялар, андагы президенттин позициясы, чечимдери Кыргызстанда коррупция, мыйзамсыздык менен күрөш сөз жүзүндө эле айтылып калбастыгын, чын эле күрөш жүрө турганын көрсөттү. Буга карапайым калк эле эмес, оппозиция өкүлдөрүнүн айрымдарынын да көзү жетип, ынана баштады.
Эгемендүү Кыргызстанда көпчүлүк саясатчылардын кырдаалга жана мезгилге жараша ой-пикирин алмаштырып жибериши көндүм көрүнүш. Алардан айырмаланып, Алмазбек Атамбаев түзүлгөн ар кандай кырдаалдарга карап алдына койгон тапшырмалардан четтеп кетпей, айтканынан кайтпаган мүнөзү жана билдирүүлөрү менен өлкөдө чын эле стабилдүүлүк болорун, коррупция менен күрөш жүрөрүн билдирип келет.
Дал ушундай саясий кайрат көрсөткөндүгү үчүн Алмазбек Атамбаев “Жылдын адамы” наамына ээ болуп отурат" деп жазылат "Супер-Инфо" гезити тараткан билдирүүдө.