Тайвандагы катуу жер титирөөдөн 9 адам каза болду

Тайванда болгон катуу жер титирөөдөн 9 адам каза болуп, миңден ашууну жабыркады. ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, дагы 143 адамды куткарууга мүмкүн болбой жатат, ал эми 52 адам менен байланыш үзүлгөн.

Эске салсак, 3-апрелге караган түнү Тайвандын чыгыш жээгине жакын жайгашкан Окинавадан түштүк-батышта күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Аралдын борбордук метеорологиялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул Тайвандагы акыркы 25 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болгон.

Жергиликтүү телеканалдар зилзаладан улам кыйраган имараттарды жана көчкөн жерлердин кадрларын көрсөтүүдө.

"Жер титирөөдөн кийин 87 миңден ашык үй-бүлө электр жарыксыз калган. Учурда Тайвандын тиешелүү органдары дээрлик бардык жерде электр энергиясы калыбына келтирилгенин, атомдук станциялар жабыркабаганын билдирди. Темир жолдор жана поезддер да зыянга учураган эмес, бирок текшерүүлөргө байланыштуу каттамдык кечигүүлөр болушу мүмкүн. Жер титирөөдөн кийин бир нече заводдун жумушчулары эвакуацияланган, бирок азыр алардын баары жумуш орундарына кайтып келишти", - деп жазылат билдирүүдө.

Катуу жер титирөө аралдын түндүгүндө жайгашкан Тайбэй метросунда да сезилди. Метро кыска убакытка жабылып, бирок көп өтпөй каттамдар кайра жанданды. Жер титирөө Кытайдын түштүк-чыгышында жана Шанхайга чейин сезилгени кабарланды.

Кошумчалай кетсек, 1999-жылы сентябрда Тайванда күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ал 5 миңден ашык имаратты талкалап, 2400 адамдын өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан