"Чай концерт берем". Эмгек сиңирген артист Токтобүбү Черикчиева 55 жашка чыкты

Бүгүн, 5-апрелде өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Токтобүбү Черикчиева туулган күнүн белгилеп жатат. Ал 55 жашка чыкты. Ырчы айымды өздүк майрамы менен куттуктап, байланышка чыктык. Анда ырчы эртең менен эрте жолдошу куттуктап, алтын шакек белек кылганын айтты.

"Куттуктооңор үчүн чоң рахмат! Биринчилерден болуп чогуу ырдап жүргөн Адилет деген кесиптешим куттуктады. Ал бүгүн өтүүчү чай концертим үчүн атайын Таластан келди. Анан уулум таңкы төрттө аппак розалар менен куттуктаса, таң атпай жолдошум куттуктап, алтын шакек белек кылды.

Түнкү 12ден бери бир туугандарым, жакындарым, кесиптештерим жана замандаштарымдан каалоо-тилектер айтылууда. Бул мен үчүн эң чоң белек. Кудайымдын, кыргыз элимдин сүйүктүү кызы экенмин туулган күнүм ыйык Орозо айына жана Кадыр түн күнүнө туш келип отурат. Аябай ыраазымын.

Жаш өйдөлөгөн сайын акылдуу, токтоо, ойчул болуп калат экенбиз. Баарына шүгүр, маанайым эң жакшы. Жеке майрамымды утурлай бүгүн, буюрса кечке жуук борборубуздагы ресторандардын биринде жакын дос-туугандардын башын бириктирип, чай концерт өткөрөм", - деди ырчы.

Токтобүбү Черикчиева 1969-жылы 5-апрелде Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жарык дүйнөгө келген. 4-классынан баштап комуз ийримине катышып, 8-классында Самара Токтакунованын колуна түшүп, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга окууга өтөт. Окуп жүргөндө Эстебес Турсуналиевдин "Эл шайырлары" тобунда иштеп, алар менен гасторлго чыгып жүргөн. Ошондон тартып кыргыздын залкарлары Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиев, Толтой Мураталиев, Мыктыбек Үмөталиев менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк алган. Ал филармонияда 15 жыл эмгектенип, 2010-жылы кеткен.

Токтобүбү Черикчиева "Сүйүүңдү сүртүп кеттин", "Жалгыздыктан жадап бүттүм", "Биз экөөбүз", "Колукту" аталышындагы ырларды аткарып, элдин сүймөнчүгүнө айланган.

2020-жылы 28-августта мурунку президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Токтобүбү Черикчиева Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Сыйлыкты өлкө башчы Садыр Жапаров 2021-жылы 2-апрелде ырчы айымга тапшырган.

5-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан