Ош облусунун аймагында жыл башынан бери 33 нааразычылык акциясы болуп өткөн. Бул тууралуу кечээ, 19-декабрда Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын коллегиялык жыйынында маалым болду. Жыл ичинде өткөрүлүп жаткан нааразычылык акцияларында ар кайсы тарапты колдоого даяр турган “обон” аялдар менен иш алып баруу, жергиликтүү бийлик менен биргеликте аракеттенүү маселелери натыйжа берери талкууланды.
Ошондой эле 11 айдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегиялык жыйында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, жаңы жыл майрамына карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана башка маселелер каралды.