Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүчү 819 мекеме иштейт. Ал жакта жалпысынан 115 миңден ашык бала тарбияланат. Бул көрсөткүч 7 жашка чейинки балдардын 16 пайызын түзөт. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, айыл жергесине караганда шаарларда мектепке чейинки билим алган балдардын саны 5 эсе көп.