Камакта жаткан дагы 4 журналист үй камагына чыкты

Бүгүн, 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Массалык баш аламандыктар" беренеси боюнча айыпталып жаткан төрт журналисттин баш коргоо чарасын карап, аларды үй камагына чыгарды.

Соттук отурумга төрагалык кылган судья Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Сайпидин Султаналиев жана "Temirov Live" каналынын мурдагы кызматкери Максат Тажыбек уулун үй камагына чыгарды.

Эскерте кетсек, 16-январда “Айт айт десе”, “ПолитКлиника” жана “Арча Медиа” басылмаларынын 11 журналисти кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен козголгон кылмыш иши козголуп, журналисттер 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан