"Крокустагы" терактка шектелген дагы бир жаран көпүрөдөн секире качты

Москванын жанындагы Чеховдо "Крокус Сити Холлдогу" терактка шектелген жаран коопсуздук кызматкерлеринен качып кетти. Бул тууралуу SHOT телеграм каналы жазды.

47 жаштагы Николай С. аны кууп келе жаткан эки полиция унаасынан качууга аракет кылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал унаада жалгыз болгон эмес. Күбөлөрдүн айтымында, куугунтук учурунда октун үнү угулган.

9-апрель күнү кечинде коопсуздук күчтөрү Николай айдаган күмүш түстөгү Chevrolet Orlando унаасын куушкан. Күзөт кызматкерлери унааны токтотууга аракет кылып жатканда, шектүү мамыны сүзүп токтогон. Ал андан ары жөө чуркап, Рожайка дарыясындагы көпүрөдөн секирип, андан кийин Мещерское кыштагынын жанындагы токойго кирип кеткен.

Укук коргоо кызматкерлери унаа желим плёнка чыгаруучу ишканага катталганын аныкташкан. Шектүүнүн компания менен кандай байланышы бар экендиги тууралуу маалымат жок.

Буга байланыштуу аталган аймакта "Сирена" планы жарыяланып, бардык кызматкерлерге буйруктар берилди. Ал куралданган болушу мүмкүн.

Чеховдун башчысы Михаил Собакин бардыгын сабырдуулукка чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан