Коңшу Казакстандын Энергетика министрлиги чет элдик жарандар үчүн бензин менен дизелдик отундун баасын өзгөртүүнү сунуштады.
Чет элдиктер үчүн дизелдик отундун баасы литрине 315 теңге болору күтүлүүдө. АИ-92 жана АИ-93 үлгүсүндөгү бензиндин баасы литрине 245 теңге болуп бекитилет.
"Буйрук долбоорунда АИ-92 жана АИ-93 үлгүсүндөгү бензиндин баасы литри үчүн 245 теңге өлчөмүндө белгиленип, Казакстанда берилген айдоочулук күбөлүктү көрсөткөндө суткасына 100 литрге чейинки өлчөмдө, баасы өзгөрүүсүз калды – литри үчүн 205 теңге. Айдоочулук күбөлүгүн жана транспорт каражатынын каттоо күбөлүгүн көрсөткөндө жеңил унааларга, жүк ташуучу унааларга, автобустарга суткасына 300 литрге чейин - 205 теңге", - деп айтылат андагы документте.
Документте дизелдик отундун баасы (жайкы сезон аралык) литрине 315 теңге болот деп болжолдонууда. Казакстанда берилген айдоочулук күбөлүктү көрсөткөндө күнүнө 100 литрге чейин көлөмдө куйсаң - литри үчүн 295 теңге; Ал эми суткасына 300 литрге чейин - литри үчүн 295 теңге.