Оренбургга жакын жердеги Урал дарыясында суунун деңгээли 1 метрге чейин көтөрүлдү

Бүгүн, 11-апрель күнү эртең менен Оренбург районундагы Урал дарыясында суунун деңгээли 1054 сантиметрге чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Түн ичинде эле Урал дарыясындагы суунун деңгээли 32 сантиметрге жогорулаган. Мындан улам бийлик калкты суу каптаган аймакты тезинен таштап кетүүгө чакырды.

4-апрелден тарта Оренбург облусунда суу ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 7-апрелде өкмөттүк комиссия Оренбург облусунда болгон селди федералдык өзгөчө кырдаал катары классификациялоо чечимин кабыл алган.

Эң оор абал Орск шаарында, суу ташкыны Оренбургга да катуу таасирин тийгизүүдө. Селден келтирилген жалпы зыян, аймактык бийликтин алдын ала эсептөөлөрү боюнча болжол менен 21 миллиард рублду түзүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан