Өткөн жумада караколдуктар жылгаяк тебүүчү базадагы өйдө жакка көтөрүп чыгуучу көтөргүчтөрдүн (подъёмник) наркын жергиликтүү калк үчүн 50 пайызга арзандатуу маселесин көтөрүп чыгышкан эле. Ага ылайык, өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов облустун күч түзүмдөрү, мэрия, Каракол лыжа базасынын өкүлдөрү жана жаштар катышкан кеңешме өткөрүп, жаштардын койгон талабы боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетовдун айтымында, ысык-көлдүк спорт сүйүүчүлөр Каракол лыжа базасындагы асма жолду арзан пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышты. Каракол лыжа базасынын жетекчилиги маселени оңунан чечип, көлдүн кышкы спортту сүйүүчүлөрүнө аптанын шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү лыжа базасындагы асма жолду пайдаланууну арзандатып беришти. Буга чейин асма жолду пайдалануу баасы 950 сом болсо, эми жергиликтүү калк аны 600 сомдон пайдаланышат. Эске сала кетсек, мындай арзандатуу бир гана ысык-көлдүк тургундарга гана тиешелүү.