Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад – Бек-Абад бажы өткөрмө пунктуна баруучу жолго асфальт төшөлдү (видео)

Жалал-Абад – Бек-Абад бажы өткөрмө пунктуна баруучу унаа жолу толугу менен асфальт төшөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 11 чакырымды түзөт. Анын буга чейин 5 чакырымы асфальтталса, быйыл калган 6 чакырымына асфальт төшөлдү. Жаңыланган жолдун 3 чакырымы төрт тилкелүү, дагы 3 чакырымы эки тилкелүү болуп курулган. Ошондой эле жолго эки катмар асфальт төшөлүп, чийиндер чийилип, тротуарлар салынды.

Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.

Жалал-Абад – Бек-Абад – бажы өткөрмө пунктуна баруучу жол асфальтталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан