Вьетнамда миллиардер айым өлүм жазасына кесилди

Вьетнамдык кыймылсыз мүлк магнаты Чыонг Ми Лан өлкөнүн тарыхындагы эң ири каржылык алдамчылык иши боюнча 11-апрелде Хошимин шаарынын соту тарабынан өлүм жазасына өкүм кылынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ал акча уурдоо, паракорчулук жана банктык мыйзам бузуулар боюнча күнөөлүү деп табылган. 67 жаштагы Чыонг Ми Лан жалпы 12 жарым миллиард долларлык алдамчылыкка айыпталган.

Маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, ал 2012-жылдан 2022-жылга чейин Сайгон коммерциялык банкын (SCB) ондогон алдыңкы адамдар аркылуу башкарып, бул каражаттарды жүздөгөн майда компаниялар аркылуу алып, мамлекеттик кызматкерлерге пара берип турган. Прокуратуранын айтымында, 2018-жылдын башынан тартып 2022-жылдын октябрына чейин өкмөт SCB банкына каржылык жардам берип турганда, Лан ири суммадагы акчаны уурдап алган жана ошол эле учурда компанияларга мыйзамсыз насыяларды берген.

Анын сот процееси таң каларлык болду. Тагыраагы анын иши боюнча документтердин жалпы салмагы 6 тоннага жакын болуп, 90дон ашык адам айыпталып, сот миңден ашык күбөнү укту.

Өлүм жазасына кесилген Ми Ландын VTP фирмасы Вьетнамдын эң бай кыймылсыз мүлк фирмаларынын бири. Фирма ар кандай долбоорлорду ишке ашырган, анын ичинде элиталык турак жайларды, кеңселерди, мейманканаларды жана соода борборлорун курган.

Лан эми өлүм жазасына каршы даттанууну пландап жатканы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан