Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетти. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Бул тууралуу 20-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Анын ордуна буга чейин Каныбек Нарбаевдин орун басары болуп иштеп келген Турдубек Мамбетов дайындалды.