Франциялык депутат Эдуард Бенард уюштуруучуларга Израилди Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга тыюу салууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Тиешелүү сунушту депутат өлкөнүн спорт министри Амели Оудеа-Кэстерге айткан.
"Эдуард Бенард мырза Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндарда Израилдин четтетилишин сунуштайт жана буга спорт министринин көңүл буруусун талап кылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Ага улай эле Испания дагы Израилди Олимпиада оюндарынан четтетүү керектигин айтып чыкты.
33-жайкы Олимпиада оюндары ушул жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин Парижде өтөт.