Мындай тапшырманы күч кызматкерлерине өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев бергенин облустук бийликтин басма сөз кызматынан бүгүн, 20-декабрда билдиришти.
Тапшырмага ылайык, облустун айыл-кыштактарында иштеп жаткан милиция кызматкерлери бул жаатта тургундар менен тыгыз иш алып барууга милдеттүү.
Айрыкча айыл өкмөттөрдөгү мал каттаган адистер, касапчылар жана колбаса цехтеринде иштеп жаткандар кайсы бир адамдан шектенсе, милицияга маалымат берүүгө тийиш экени тапшырмада айтылат.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери аймакта 279 баш мал жоголгон. Андан келтирилген чыгым 4 миллион 511 миң сомду түзөт. Уурдалган малдын 70 пайызга жакынын кой-эчки, 21 пайызын жылкы жана 14 пайызын бодо мал түзөт.