Германия Ирандагы жарандарын тезинен чыгып кетүүгө чакырды

Германиянын Тышкы иштер министрлиги немис жарандарын Ирандан чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бул Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу.

"Өнөктөштөрүбүз менен бирдикте биз дипломатиялык каналдар аркылуу Жакынкы жана Орто Чыгышта кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз. Аймактагы Германия жарандары Тышкы иштер министрлигинин коопсуздук боюнча көрсөтмөлөрүнө көңүл бурушу керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга улай эле Италиянын Тышкы иштер министрлиги жарандарын Израилге баруудан карманып турууга, ал жактагы жана Палестина аймактарындагыларды сак болууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан