Ош. Араван районунда 2013-жылда 9 балдар бакчасы курулуп, ишке берилди

Араван районунда 2013-жылда калкты балдар бакчасы менен камсыз кылууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан эл аралык фонддор менен биргеликте бир топ иштер жасалган. Аталган райондо 2013-жылдын башында жалпы 29 бала бакча болгон. Алардын төртөө мамлекеттик, 23 муниципалдык, 2 жеке менчик балдар бакчаларында 1885 бала тарбияланып келген. Ал эми жыл аягында 9 бала бакча ишке берилип, 606 бала кошумча балдар бакчаларына тартылган. Жаңыдан ишке берилген балдар бакчаларынын төртөө жамааттык, бешөө муниципалдык болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан