Баткендеги Исфара-Ворух унаа жолу ачыла элек. Мындай абал 18-декабрдан бери уланып жатат. Кечээ, 19-декабрда КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов баштаган топ эл менен жолугушкан. Бирок айыл эли Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушун талап кылып, жолду ачпай коюшкан.
Токон Мамытовдун айтымында, бүгүн да жолду ачуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Учурда медициналык жардамга муктаж адамдар гана эки жактан өткөрүлүп жатат.
Эске сала кетсек, 17-декабрда Ак-Сай айылында чайкана өрттөнгөн. Айыл жашоочулары аны тажик жарандары кылды деп шектенип жатышат. Мындан улам Ворух анклавына кирүүчү жолду бууп салышкан.