Кыргызстан согуштук аракеттерге байланыштуу Иран менен Израилге кайрылды

Кыргызстан Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуусун билдирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Кыргызстан тараптарды бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырат. Ошондой эле Кыргызстан тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат", - деп билдирди министрлик.

Эске салсак, 13-апрель күнү кечинде Иран Израилге ондогон ракеталар жана жүздөн ашуун учкучсуз учактар менен сокку урган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан